Нарын РИИБ алдыңкы 26 окуучуга экскурсия уюштурду

Нарын РИИБ алдыңкы 26 окуучуга экскурсия уюштурду

Билим АКИpress - Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүм балдар менен иш жүргүзгөн инспекциясынын инспекторлорунун демилгеси менен 30-апрелде Нарын районунун айылдарындагы мектептердин жакшы окуган окуучуларына экскурсия уюшулду. Аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, экскурсия «Жаркын келечек — жаш муундардын колунда» атуу иш-чаранын алкагында болду.

Бул экскурсияга Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Хутор-Ак-Талаа айылынын Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин 9-10-11-классында окуган алдыңкы 26 окуучу жана мугалимдери катышкан.

Окуучулар Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин окуу тартиби, ички шарттары менен жана Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы тарыхый этнографиялык музейинин ичи менен кенен таанышты, деп билдирди Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up