Кара-Көлдө «Адепсиздик — кылмыш, кылмыштын арты жаза» аттуу иш-чара өттү

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарындагы окуучулар «Кылмыш эмнеден чыгат?», «Мен рэкетчилик менен баңгиликке каршымын», «Жаштар кылмыштуулукка каршы» аттуу сатиралык сахналаштырылган интермедияларды аткарышты. Аталган маалыматты ШИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, 17-апрелде шаарда жайгашкан мектептердин жана кесиптик лицейдин окуучуларына «Адепсиздик — кылмыш, анын арты жаза» деген темада иш-чара болуп өттү. Ал ШИИБ жана шаардык мэрия менен биргеликте өткөрүлүп, милиция кызматкерлери, прокуратура, УКМКнын Кара-Көл шаарындагы бөлүмүнөн өкүлдөр жана шаар тургундары, жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө №1 Токтогул атындагы мектеп--гимназиясынын окуучулары тарабынан кылмыштуулук, баңгилик жана мектеп рэкетчилигине байланышкан жашоодон алынган сахналаштырылган интермедиялар коюлду.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.