Ошто окуучулар арасында «Кырк чоро» облустук сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Жаңылыктар | 14:35, 1-май 2019 | Жаңыртылган 16:32, 1 май 2019 | 267

Билим АКИpress - Ошто окуучулар арасында «Кырк чоро» аттуу облустук сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу «Манас жаштары» уюмунун облустук кеңешинин жооптуу катчысы Батма Исакова билдирди.

Анын айтымында, сынак «Манас жаштары» уюму тарабынан уюштурулган.

«Сынакка райондордон жеңип келген алдыңкы 8 команда катышты. Сынактын башкы максаты окуучуларды мекенчилдикке, достукка, шамдагайлыкка тарбиялоо болуп саналат. Мындан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата да өткөрүлдү. Окуучулар өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөтүп, мекен тууралуу ырларды, бийлерди аткарып беришти», - деди ал.

Жыйынтыгында 1-орунду Араван районунан келген окуучулар, 2-орунду Чоң-Алай районунун окуучулары, ал эми 3-орунду Кара-Кулжанын мыкты чоролору алып кетишти.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up