Жумгалда менталдык арифметика боюнча олимпиадага 225 окуучу катышты

Билим АКИpress - Жумгал районунун Чаек айылындагы Мидин Алыбаев мектебинде интеллектуалдык өнүктүрүү борбору тарабынан уюшулган менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү. Жалпысынан сынакка 225 окуучу катышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү кубок медалдар менен сыйланышты. Ал эми эң жогорку балл алган 12 окуучу 15-июнда Ысык-Көлдө GAMA тарабынан өткөрүлүүчү эл аралык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жумгал районундагы А.Идинов атындагы орто мектебинин окуучулары төмөндөгүдөй жыйынтыкка ээ болушту. Даярдаган мугалими Темирбек Моконов.

1) Улан кызы Калиман, 5-класс, 3-орун Senior I;

2) Таалайбеков Нурмухаммед, 7-класс, 1-орун Senior II;

3) Тилек кызы Турдугүл, 7-класс, 3-орун Senior II;

4) Күрүчбеков Байэл, 4-класс, чемпион Junior II;

5) Асангазиева Жаркынай, 4-класс, 1-орун Junior II;

6) Курмангазиева Диана 4-класс, 2-орун Junior II;

7) Эсенгазиев Мирсаид, 4-класс, 3-орун Junior II.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up