Майлуу-Сууда «Энелер мектеби» семинары болуп өттү

Билим АКИpress - «Энелер мектеби — окуу тарбия процессинде ийгиликке жетүүнүн ачкычы» деген темада Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде семинар болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Семинарга №8 жалпы билим берүү орто мектебинде окуган окуучулардын энелери, аялдар комитетинин төрайымы М.К.Умарова, Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси З.А.Мамутова, башкы адис Р.Ж.Акамбаева, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ш.Төлөгөн уулу, мектептердеги директордун орун басарлары, уюштуруучулар, соцпедагогдор катышты.

Семинардын ачылышында мектеп мүдүрү А.К.Мамырбаева тарабынан «Энелер мектебинин» максаты түшүндүрүлдү. Мектепте «Акпейил» энелер мектеби түзүлүп, төрайымы С.И.Айдарова жана анын мүчөлөрү тарабынан иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле 1-4-класстардын окуучулары менен апаларынын катышуусунда «Бирге окуйбуз, шар окуйбуз» программасынын негизинде башталгыч класстардын мугалимдери Г.А.Ахмадалиева, Г.Т.Таирбекова жана Э.П.Парпибаева мастер-класс өтүштү.

5-6-7-класстардын окуучулары жана энелери менен «Манас таануу» курсу боюнча кыргыз тили жана адабият мугалими Т.И.Рахманкулованын жетекчилиги астында сахналаштырылган чыгармалар да көрсөтүлдү. Кош тилдүүлүк программасы камтылган чет тилдерин үйрөнүүдө орус тили жана адабияты мугалими М.Ж.Абдуллаева жана англис тили мугалими Н.Н.Алчынбаева китептин орду жана маанисине көнүл буруу менен, энелер жана окуучулар тарабынан жасалган китептердин топтомдору презентацияланды. Технология предметинин мугалими А.М.Бирюбаеванын жетекчилиги астында окуучулардын окуган адабий китептериндеги чыгармалардын каармандарынын сүрөттөрү сайма менен түшүрүлүп, энелер менен бирдикте көрсөтүлдү.

«Бакубат үй-бүлө — мамлекеттин тиреги», «Баланы туура тамактандыруу» деген темаларда 8-9-10-класстардын окуучуларына жана апаларына тарых мугалими Д.Ш.Усенбекова жана биология мугалими У.Сиябекова тарабынан мастер-класс өткөрүлүп, практикалык иштер көрсөтүлдү. Ошондой эле музыка мугалими Э.М.Маматназаровдун жетекчилиги астында «Поэзия ыргактары» деген аталышта энелерге арналган көркөм окуулар жана обондуу ырлар ырдалды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up