ОшМУнун кесипке багыттаган «Билим» майрамына 10 миңге чукул адам катышты

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университетинде 27-апрелде кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган «Билим» майрамы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Билим» майрамында ОшМУнун факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери, магистратура департаменти, структуралык бөлүмдөрү жандуу көргөзмө-презентацияларын көрсөтүшүп, университетте окутулуп жаткан адистиктер (багыттар) жана материалдык-техникалык база менен жакындан тааныштыруу максатында жармаңкелерди өткөрүп жатышат. Аталган майрамга быйылкы жылы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер, мугалимдер, жалпы 10 миңге жакын катышуучулар келишти.

Аталган майрамга карата жыйын уюштурулуп, ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин директорлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен мектеп бүтүрүүчүлөрү, жогорку окуу жайлардан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелер күбө болуп, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышты. Ошондой эле университетке саякат жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө университет тууралуу даярдалган видеоролик көрсөтүп, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университети, келечек пландары, алдыдагы максаттары тууралуу презентация жасады. Ал эми ОшМУнун ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Тажимамат Эркебаев «ОшМУда окуп жаткан студенттердин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат» аталышындагы презентациясын жасады.

ОшМУда 2018-2019-окуу жылына кабыл алынган студенттердин саны боюнча мектептердин рейтинги чыгарылды. Рейтингдеги биринчи бештик: Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынан 81 студент, №4 С.М.Киров атындагы орто мектебинен 74 студент, Ноокат районунун Көк-Жар орто мектебинен 60, Ош шаарындагы №6 А.С.Макаренко атындагы орто мектебинен 53, Кара-Суу районундагы №86 Курманжан Датка атындагы орто мектебинен 52 студент билим алып жатышат.

2018-2019-окуу жылында ОшМУга кабыл алынган студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдөн алган негизги тест боюнча рейтинги:

- 1-орунда ОшМУнун «Билим» лицейинин окуучусу Акбаралиева Айкөкүл 413 упай менен, дарылоо иши адистигинде;

- Аксы районундагы №26 Ч.Турдубаев атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Айбекова Лиза 423 упай менен дарылоо иши адистигинде;

- Ош шаарындагы Илим-Ош мектебинин окуучусу Мадамбек кызы Роза 378 упай менен дарылоо иши адистигинде;

- ОшМУнун «Ыйман» гимназиясынын окуучусу Арстанбек уулу Айдарбек 203 упай менен туризм адистигинде;

- Баткен облусунун Газ орто мектебинин окуучусу Абдыкалык кызы Кайрынса 304 упай менен математика адистигинде билим алып жатышат.

Алдыңкы мектептерге жана эң жогорку балл алган алдыңкы бүтүрүүчүлөргө, алардын предметтик мугалимдерине ОшМУнун дипломдору, ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Учурда ОшМУда 2 институт, 19 факультет, 1 педагогикалык, психологиялык окуу-усулдук борбор, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 126 кафедра, 7 департамент, 1 башкармалык, 7 бөлүм, 6 гимназия, окуу борборлору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук борборлору, 10 жатакана, 2 медициналык клиника, 1 млн нускадан ашуун китеп фонду бар китепканалары, окуу залдары иш алып барышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up