Жалал-Абадда Жеңиштин 74 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтүүдө

Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиштин 74 жылдыгына карата эскерүү иш чаралары
Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиштин 74 жылдыгына карата эскерүү иш чаралары

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарындагы Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамааты, окуучулар, ата-энелер Советтер союзунун баатыры М.Бабкинди жана белгисиз жоокерлерди эскерип, эстеликтерине гүл коюшту.

Жеңиштин 74 жылдыгына карата мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө үндөө, патриоттуулукка тарбиялоо жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, аймак-аймактарга бөлүнүп мушташуунун алдын алуу максатында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү кароо-сынак өткөрдү. Ага шаардагы 19 мектептен 200гө жакын окуучулар катышып, баш байгеге Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектеп ээ болду.

Мындан тышкары Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын администрациясы окуучулар менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согушта көз жумган жоокерлердин эстеликтерине эскерүү менен гүл коюшту.

«Мындай иш-чараларга Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептер активдүү катышып жатат. Ошондой эле окуучуларга тарбиялык сааттар өтүлүп, мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоодо», - деп билдирди Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up