Cүлүктүдө «Мыкты усулкана - 2019» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим АКИpress - Cүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү менен билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети биргеликте 30-апрелде жалпы билим берүүчү уюмдар арасында «Мыкты усулкана - 2019» кароо-сынагын уюштурушту.

Жыйынтыгында 1-орунду М.Ибрагимов атындагы №3 орто мектеби багындырды. 2-орунду Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектеби жана Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясы камсыздашты. Ал эми 3-орунду В.Ленин атындагы №1 орто мектеби алды.

Андан тышкары, «Идеяларга бай усулкана», «Көргөзмөлүү усулкана» сыяктуу номинациялар ыйгарылып, кесиптик бирлик комитети тарабынан даярдалган дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Кароо-сынактын максаты — усулдук иштерди жана усулкананын иштерин активдештирүү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү, жалпылоо жана жайылтуу иштерин жакшыртуу, ошондой эле мугалимдердин билимин өркүндөтүү, усулдук тарбиялык процессти жакшыртууга усулдук иштердин ролун күчөтүү. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдувап Исманов, усулкана башчысы Темиржан Каюмова, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Канатбек Кудаяров, шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Гүлдаркан Мадаркулова жана башкалар комиссиянын курамын түздү.

Кароо-сынак төмөнкү критерийлер боюнча өттү:

1. Мектептин усулдук иштеринин мазмуну жана формалары.

2. Усулкананын жасалгаланышы.

- Мыйзамдар жана нормативдик документтер;

- Педагогика жана психология бөлүмү;

- Дидактика;

- Усулдук иштер;

- Тарбиялык иштер;

- Алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар;

- Ата-энелер жана коомчулук менен иштөө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up