Нарында мугалимдер менен ата-энелердин башын кошкон семинар өттү

Билим АКИpress - Нарын районундагы Р.Усубалиев атындагы орто мектебинде «Ата-энелердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүү аркылуу билим-тарбия сапатын жакшыртуу» деген темада «Энелер мектеби» облустук семинары болуп өттү.

Ага райондордон келген мектеп директорлору, соцпедагогдор, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, алдыңкы мугалимдер, билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана окуучулардын апалары катышты.

Семинарды мектеп директору Ч.Байгазиева ачып, энелер мектебинин максаты тууралуу катышуучуларга баяндама жасап, ата-энелер менен бирге жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди. Мектептин соцпедагогу Гүлнара Абдыразакова энелердин мектеп менен байланышы күн санап жакшырып, балдарынын билим алуусуна жакшы шарттарды түзүп жаткандыгынын натыйжасында билим алуу жакшырып бара жаткандыгын белгиледи.

Башталгыч класстын мугалими Чокубаева Кундуз «Бирге окуйбуз» программасынын негизинде ата-энелер менен мастер-класс өттү. Англис тили жана математика сабагынын мугалимдери Келдибекова Мария менен Райымбаева Асел тарбиянын баалуулугу жөнүндө кызыктуу сабак өткөрүштү.

Ал эми Аалиева Үмүт «Эне-бала бир жүрөк, эриш-аркак бир жүрөт» аталышындагы сынак сабакты кызыктуу өттү. Биология сабагынын мугалими Кубаева Токтор «Үй-бүлө баалуулугу» деген темада ток-шоу сабагында энелердин баласынын сабакка болгон кызыгуусун арттыруудагы ролун таасын чагылдырды.

Семинар «Эне мээрими — балдардын келечеги» маданий иш-чара менен жыйынтыкталып, окуучулар эне жөнүндө ырларды аткарышып, музыка мугалими Ш.Мүсүралиевдин жетекчилиги менен даярдалган сахналаштырылган чыгармалардан көрсөтүлдү. Ошондой эле энелерге арналган көркөм окуулар жана энелердин аткаруусунда обондуу ырлар ырдалды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up