Илимдер академиянын бюджети 322 млн сом, илимпоздор 4-5 миң сом эмгек акы алат

Илимдер академиянын бюджети 322 млн сом, илимпоздор 4-5 миң сом эмгек акы алат

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-майдагы отурумунда Кыргыз Улуттук илимдер академиясына байланышкан маселени депутат Руслан Казакбаев («Республика — Ата Журт») көтөрдү. Анын айтымында, Академиянын бир жылдык бюджети 322 млн сом.

Бирок каражаттын көп бөлүгү жетекчилерге короп, илимпоздор 3-4 миң сом эмгек акы менен жашап жатканын белгиледи.

Президенттин, премьер-министрдин өкүлдөрүнө жана премьер-министрге кайрылганын айткан депутат: «Биздин Улуттук илимдер академиясында 2 миң киши иштейт экен, акыркы убакта кыскартуу деп 1,5 миң киши иштеп баштады. Анын ичинде 700 илимпоз, 34 академик, 40ка жакын мүчө-корреспондент, 186 илимдин доктору иштейт. 18 институту, 142 лаборатория бар, жылдык бюджети 322 млн сом. Бирок тилекке каршы ал акчанын көбү ошол жерди башкарган чиновниктерге кетип жатат. Ал эми илимпоздордун айлык акысы 4-5 миң сом.

Муну комитеттерде да көтөрдүм эле. Жакын арада өкмөттүн жыйынын жасап, Улуттук илимдер академиясынын бардык маселелерин карап, канчалык алар керек деп…

Азыр эмне иш менен алек болуп жатышат? Көбүнчө китеп чыгаруу, конференцияларды, семинарларды өткөрүү менен эле. Ал эми экономикага, айыл чарбага жаңы технологияларды, инновациялык технологияларды практикалык иштерге алып баруу боюнча Улуттук илимдер академиясына өкмөт тарабынан мамлекеттик заказ берилдиби? Сураштырсак Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери бир дагы заказ болбоптур. Өзү менен өзү иштеп жатат. Дагы бир жолу кайталайын, илимпоздордун эмгек акысы 4-5 миң сом...», - деди.

Депутат ал эми Кыргызстанда жашоо минимуму 4,5 миң сомдун тегерегинде экенин белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up