ОшТУда билим сапатын жогорулатуунун жолдору талкууланды

ОшТУда билим сапатын жогорулатуунун жолдору талкууланды

Билим АКИpress - М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде 29-апрелде «Интеллект» өнүктүрүү борбору тарабынан окуу жайдын студенттери үчүн «Билим сапатын кантип жогорулатабыз?» деген темада тегерек стол өттү. Ага ОшТУнун окуу процессин уюштуруу жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору, доцент Мыктыбек Айтиев, окуу жайдын окутуучулары жана алдыңкы студенттери, өнүктүрүү борбордун ыктыярчылары катышты.

М.Айтиев билим сапатын жогорулатууда өз ара байланышкан системага: окутуучу, материалдык база жана студентке токтолуп, бул иш-чарага активдүү катышууга үндөдү. Ошондой эле тегерек столдо «Ителлект» өнүктүрүү борборунун ыктыярчы студенттери: Акмончок Рахманалиева жана Келдимурат кызы Мээрим «Билим сапатын жогорулатуу жолдору» деген темада, ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, э.и.к. Айнура Хамзаева «Интерактивдүү усулдар билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолу катары» жана ОшТУнун кесиптик билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын доценти Медетбек Машаев «Кесиптик билим берүүнүн сапатын өркүндөтүүнүн жолдору» аттуу темаларда баяндама жасашып, суроо-жооптор менен коштолду.

ОшТУнун «Интеллект» өнүктүрүү борбору 2018-жылдын август айында ОшТУнун ректору т.и.д., профессор А.О.Абидовдун колдоосу астында «Өнүккөн келечек жаштары» коомдук фонду менен биргеликте ачылган. Максаты — студенттердин жана окутуучулардын туура ишмердүүлүк адаттарын өркүндөтүү жана аларды академиялык ишмердүүлүгүндө учур талабына жооп бере турган сапаттуу билим алуусуна көмөктөшүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up