Кантта активдүү жаштар жолугушту

Билим АКИpress - Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө 25-апрелде жаштар конференциясы өттү.

Конференцияга Ысык-Ата районунун бардык айылдарынан 450 катышуучу чакырылган. Жаштар конференциясын куттуктоо сөзү менен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы — аким Байыш Курманов ачып берди. Иш-чарада билим берүүдө, маданият тармагында, спортто, ошондой эле коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн жаштарга даярдалган диплом жана акчалай белектер тапшырылды.

Ошондой эле жаштар менен жолугушууга келген конокторго да сөз берилди. Алар — ЮНИСЕФ өкүлү Мунир Мамедзаде, жеке ишкер Дастан Өмүралиев, ССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Аноприев, IDEA жаштар уюмунун аткаруучу директору Канат Ногойбаев.

Конференциянын негизги максаты — райондогу социалдык активдүү, таланттуу жаштарды бириктирүү, алардын потенциалын ачууга көмөк көрсөтүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up