Төмөнкү Ала-Арча мектебинде экстремизм жана терроризмди алдын алуу маселесин талкуулашты

Төмөнкү Ала-Арча мектебинде экстремизм жана терроризмди алдын алуу маселесин талкуулашты

Билим АКИpress - Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде 2-майда 10-11-класстардын окуучулары менен бирдикте тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, расалык басмырлоо, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамилени, өз өмүрүнө кол салуусун, зордук-зомбулукту болтурбоо максатында уюштурулган.

Жолугушуу учурунда кулач алып бара жаткан диний экстремизмдин жана терроризмдин өспүрүмдөргө тийгизген терс таасири айтылды. Бул диний абал тууралуу адистер тарабынан так маалыматтар берилип, окуучулар суроолоруна жооп ала алышты.

Жыйынга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын адиси, ички иштер бөлүмүнүн 10-башкармалыгынын кызматкери, жергиликтүү мечиттин имамдары, Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын башчысы, мектеп директору, аксакалдар сотунун төрагасы, соцпедагог, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Жыйындын соңунда мындай биргелешип иш алып баруу жаркын келечек үчүн жакшы өбөлгө экендиги белгиленди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up