«Ала-Тоо» университетинде сармерден өттү (сүрөт)

«Ала-Тоо» университетинде сармерден өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 30 жылдыгына карата эл аралык «Ала-Тоо» университетинде студенттер арасында «Кыз-жигит сармердени» аттуу оюн-зоок программасы болуп өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Маалым болгондой, бул иш-чарада студенттер кыргыз тарыхындагы фольклордук булактардан баштап бүгүнкү күндөгү жандуу ыр кайрыктарына чейин ырдашты. Оюндун шартына жараша макал-лакап, табышмак, жаңылмач, акыйнек айтышып, эки жаат болгон кыз-жигиттер тапкычтыгын, чечендигин, билгичтигин көрсөтүштү. Бий өнөрү аркылуу жигиттер «Жалын бийди» аткарышып, ал эми кыздар «Ала-Тоо» бийин бийлешти. Ал эми сармерден оюнунун шартына жараша эрке баланын ролун Шергазы Гурбаев, шайыр кыздын ролун Айгерим Жантөрөева аткарышты.

Калыстар тобунун төрайымы маданияттын мыкты кызматкери, «Кыз-жигит сармерден» долбоорунун шайыр жеңеси Анара Шаимкулова болду. Ал эми курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мээрим Карыпбекова, университеттин илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаев кирди.

Оюндун жыйынтыгында калыстар сөз алышып, эки жааттын мыктыларын баса белгилешип, оюнда ынтымак жеңишке жеткендигин айтышты. Андан кийин университеттин алкыш баракчалары, акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан берилген белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up