Аравандагы мектеп директорлору оңдоп-түзөө иштериндеги демөөрчүлөрдүн ролун талкуулашты

Аравандагы мектеп директорлору оңдоп-түзөө иштериндеги демөөрчүлөрдүн ролун талкуулашты

Билим АКИpress - Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Т.Исмаилов атындагы орто мектебинде мектеп директорлорунун «Жаңы окуу жылына мектепти кезектеги оңдоп-түзөөдөн ийгиликтүү жана сапаттуу өткөрүүдө демөөрчүлөрдүн, ата-энелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын ролу» аталышындагы райондук семинары болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Семинар Жеңиш майрамына карата мектептин окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен башталды. 2-бөлүгүндө семинардын катышуучуларын мектеп директору оңдоп-түзөөдөн өткөн 2 класстык бөлмөлөр менен тааныштырды. Оңдоо иштеринде демөөрчүлөрдүн, айыл өкмөттүн, ата-энелердин салымы зор экендигин мектеп директору айтып өттү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ахматалиев жаңы окуу жылына мектептерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө оңдоп бүтүрүү үчүн мектепке демөөрчүлөрдү тартуу иштерин күчөтүү керектигин белгилеп, окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктоо керектигин айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up