Республикалык «Кесиптер чемпионаты» сынагында Кызыл-Кыянын адистери жеңүүчү болушту (сүрөт)

Республикалык «Кесиптер чемпионаты» сынагында Кызыл-Кыянын адистери жеңүүчү болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына карата орто кесиптик окуу жайлар арасында 27-апрель күнү «Кесиптер чемпионаты» аттуу сынак өткөрүлдү. Анда Кызыл-Кыя шаарынын Т.Кулатов атындагы тоо-техникалык колледжинин электр менен камсыздоо циклинин адистери 1-орунду камсыздашты.

Маалым болгондой, сынакка өлкөнүн бардык орто кесиптик окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Анда саламдашуу, команданын кийимин, аталышын жана эмблемасын чечмелөө, электр менен камсыздоо боюнча тест тапшыруу, эки бөлмөнү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча техникалык монтаждоо тапшырмалары аткарылды.

Жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Кыя шаары, 2-орунду Бишкек шаары жана 3-орунду Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү камсыздашты. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү болгондор 25-майда Бишкек шаарында сыйланып, белектерге ээ болушат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up