Жети-Өгүздө мектеп окуучуларына сууга түшүү эрежелерин үйрөтүштү (сүрөт)

Жети-Өгүздө мектеп окуучуларына сууга түшүү эрежелерин үйрөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Жети-Өгүз районунда мектеп окуучуларына сууга түшүү эрежелерин үйрөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жер-жерлерде атайын иштерди аткарышууда. Алардын эң негизгиси — сууга түшүү эрежелерин үйрөтүү.

Кабак жана Ак-Дөбө айылдарындагы орто мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары жай мезгилинде көлгө, чоң сууларга түшүүдө кандай эрежелерди сакташ керек экендигин үйрөнүштү.

«Жай келери менен элибиз көлгө барышат. Ал эми айрымдары чоң сууларга, каналдарга да түшүшөт. Жарандарыбыз сууга түшүүнүн жөнөкөй эрежелерин билбегендиктен, кырсыктар катталып жатат. Ошолордун алдын алып, сууда адам өзүн кандай алып жүрүшү керек экендигин үйрөтүп жатабыз. Андан тышкары, биринчи жардам кандай берилиши керек экендигин да көрсөтүп бердик», - дейт министрликтин райондогу кызматкери.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up