Түптөгү А.Коёнкөзов мектебинде алиппе майрамы өттү (сүрөт)

Түптөгү А.Коёнкөзов мектебинде алиппе майрамы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Түп районунун А.Коёнкөзов атындагы Токтоян орто мектебинин 1-«б» классынын 22 окуучусу алиппе майрамына катышты. Бул тууралуу аталган класстын жетекчиси Гүлзат Бекжанова билдирди.

Окуучулар тамгаларга тиешелүү ыр саптарын, табышмак, накыл сөздөрү, акыйнектерди айтышып, хор ырдашып, алиппе китебин жаркын маанай менен узатышып, андан кийин окуй турган китептерин тосуп алышты. Класс жетекчиси Г.Бекжанова ата-энелер менен балдардын байланышын чыңдаган суроолорду берип, жыйынтыгында кайсы ата-эне баласына кандай көңүл бурарына токтолду.

Мектептин директору Калык Албанов балдарга каалоо-тилектерин айтып, алиппени ийгиликтүү окуп бүтүргөн балдарга мектептин дипломдорун тапшырды.

Куттуктоо сөзүн жолдогон ата-энелер мектеп менен байланышты чыңдоону мындан ары да бекемдөө тууралуу ойлорун ортого салышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up