Кыргыз билим берүү академиясы аймактарда «Билим кербенин» өткөрүүдө (сүрөт)

Кыргыз билим берүү академиясы аймактарда «Билим кербенин» өткөрүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргызстандын аймактарында«Предметтик стандарттар, окуу программалары жана компетенттүүлүк» аттуу темадагы «Билим кербени» өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов маалымдады.

Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулулган.

Алгачкы «Билим кербени» Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2019-жылдын 22-апрелинде болду. Ал эми 23-30-апрелде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, Сузак районунда жана Баткен облусунда ийгиликтүү өттү.

«Билим кербенинин» максаты — мугалимдер менен көзмө-көз жолугушуп, сүйлөшүп, аларга окуу-усулдук жардамдарды берүү жана алардын муктаждыктарын аныктоо менен келечекте аларга жардам бере турган багытта иштерди аткаруу. Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын ишмердигин мугалим менен тыгыз кызматташтыкка буруу болуп саналат.

«Жер-жерлерде ар бир жолугушууга 300дөй мугалимдер катышышты. Алгач пленардык жыйында жалпы маселелер, анын ичинде мугалимге коюла турган талаптар тууралуу сөз болуп, андан кийин мугалимдер предметтер боюнча топторго бөлүнүп кетип жатышты. Топтордо жаңы предметтик стандарттардын, окуу программаларынын, окуу китептеринин өзгөчөлүктөрү жана алар менен иштөө жолдору талкууланды. Окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн кандай иштерди аткаруу керектиги, эмнелер өзгөрө тургандыгы тууралуу кеңири сөз болду. Ошондой эле мугалимдер көйгөйлөрү тууралуу айтышып, кайтарым байланыш болду жана ал талаптар жазылып алынды.

Кыргыз билим берүү академиясынын мындан аркы ишинде аталган маселелер эске алынмакчы. Башка мекемелерге тиешелүү маселелер аларга расмий жөнөтүлмөкчү. Кийинки «Билим кербени» Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында май айында болмокчу», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up