Ала-Букадагы «Айры-Там» мектебинин окуучулары ата-энелери менен Ч.Айтматовдун чыгармаларын окушту

Ала-Букадагы «Айры-Там» мектебинин окуучулары ата-энелери менен Ч.Айтматовдун чыгармаларын окушту

Билим АКИpress - АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен, Ала-Бука районунун «Айры-Там мектебинде» 1-4-класстардын окуучулары менен ата-энелер «Келгиле, окуйбуз!» иш-чарасын өткөрүштү. Алар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын окушту.

Бул иш-чарага жалпысынан Ала-Бука районундагы 5 мектептен 10го жакын мугалим, 25 окуучу, 10 ата-эне, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Самара Юлдашева, «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк аймагы боюнча координатору Элмира Айылчиева, долбоордун ассистенти, «Айры-Там» орто мектебинин башталгыч класстарынын 4 мугалими, жергиликтүү айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Сынак учурунда окуучулар Айтматовдун «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн» чыгармаларын ролдоштуруп аткарышты. Ата-энелеринин жардамы менен колго жасалган китептерди келген конокторго тартуулап, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн чыгармалардан үзүндү окуп, айтып беришти.

5 мектептен келген 5 команда Ч.Айтматов жана анын чыгармалары боюнча көркөм окушту, чыгармалар боюнча театр-форум уюштуруп, сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышты, «Атадан калган туяк» чыгармасын окуунун моделдик формасы менен окушту жана «чыгарманын картасы» көнүүгүсүн колдонуп анализ жасашты. Окуучулар ата-энелери менен бирге концерттик программа тартуулашты.

«Ата-энелер менен бирге китеп окуу — бул өз ара мамилени жакшыртып, баланын келечекте ийгиликтүү болуусуна өбөлгө түзөт жана биз буга ишенебиз», - деди «Айры-Там» орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Айгүл Сатимбекова.

Иш-чаранын максаты — башталгыч класстардын окуучуларынын базалык көндүмүн, компетенттүүлүгүн жана окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, окутуунун кошумча стратегиялык модулун структуралык окуу процессинде колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.

Окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүдөн тышкары, бул иш-чаранын негизги максаттарынын бири – бул ата-энелерди тартуу жана балдардын китеп окууга кызыгуусун, китепти сүйүү сезимин бекемдөөдө алардын маанилүү ордун белгилөө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up