Кара-Көлдөгү №3 М.Фрунзе мектебинин мугалимдери жаңы усулдук ыкмаларды колдонуу менен сабак өтүштү (сүрөт)

Кара-Көлдөгү №3 М.Фрунзе мектебинин мугалимдери жаңы усулдук ыкмаларды колдонуу менен сабак өтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарындагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинде 19-апрелде «Жаңы муунга жаңы окуу усулдар» аталышынагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Көл шаарларындагы бала бакчалардын тарбиячылары жана мектеп мугалимдери катышты. Катышуучулар аталган мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Винара Октонбекованын чыгармачылык отчету менен жакындан таанышып, тажырыйба алмашты.

Ошондой эле башталгыч класстын мугалими Д.Камбарова «Сложение и вычитание в пределе 20», информатика мугалими Д.Калпакбаев «HTML», химия мугалими Г.Эшимбекова «Химия в нашей жизни», орус тили мугалими Э.Адегамова «Язык мой — друг мой», англис тили мугалими Ж.Жаманбаева «Ready to travel», башталгыч класстын мугалими Н.Шкитина «Традиции и обычаи кыргызского народа» аталышындагы ачык сабактарды өтүштү. Ар бир сабак жаңы усулдук методдор, мугалимдин изденүү чыгармачылыгы менен өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Винара Октонбекова шаардык мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up