Ноокаттык окуучулар республикалык аскердик прикладдык спартакиаданын мыктысы болушту

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы аскердик лицейдин базасында 27-апрелде Коргоо жана Билим берүү министрликтери биргелешип окуучулардын арасында аскерге чейинки даярдоо боюнча 7-республикалык спартакиада өткөрдү.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү билдиргендей, спартакиадада Ноокат районунун командасы биринчи орунга ээ болду.

Республикалык турга чейин Ноокат районунун окуучулары облустук турда жеңүүчү болгон. Команда райондогу Борбаш, Көк-Жар инновациялык мектеби, Маданият, Т.Кулатов, Тажибай, Ысмайыл жана С.Токторов атындагы орто мектептеринин окуучуларынан куралып, облустун намысын коргошту.

Кароо-сынактын жобосуна ылайык турникке тартынуу, чуркоо, граната ыргытуу, автоматты чачып куроо, катарда жүрүү техникасы сыяктуу бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыга чыгышты. Сынакка катышкан 11 окуучуга уюштуруучулар тарабынан атайын медалдар, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин I даражадагы дипломдору, атайын символикалуу кубок, ошондой эле баш байге болуп саналган пневматикалык табелдик курал тапшырылды.

Команданы Бишкек шаарына Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу К.Кубатов жетектеп барган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up