Акыркы коңгуроодо акча чогултууга жана белек алууга тыюу салынды

Акыркы коңгуроодо акча чогултууга жана белек алууга тыюу салынды

Билим АКИpress - Кыргызстанда акыркы коңкуроону өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу 3-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу менен өлкөдөгү мектептердин директорлору менен мугалимдерине акыркы коңгуроо күнү белек алууга жана акча чогултууга тыюу салынды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн катышуусундагы иш-чараларды көңүл ачуучу жайларда уюштурууга болбойт.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына суткалык күзөттөрдү уюштуруу, иш-чарада салют же башка жаракат алып келүүчү каражаттарды колдонбоо, ошондой эле ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү тапшырылды.

Буйрукка ылайык, мыйзамсыз акча чогултуулар үчүн класс жетекчилер, директорлор жумуштан бошотулганга чейинки жоопкерчиликке тартылышат.

Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда саат 9:00дө башталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up