Араванда сулуу жазган жана мыкты көркөм айткан окуучулар аныкталды (сүрөт)

Араванда сулуу жазган жана мыкты көркөм айткан окуучулар аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Араван районундагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучулары арасында 29-апрель күнү «Ким сулуу жазат?» жана «Көркөм айтуу, окуп түшүнүү» аттуу сынактар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили боюнча усулчусу Зейнегүл Маманова маалымдады.

Сынактын жүрүшүндө эң сулуу жазган жана мыкты көркөм айтып, текстти окуп түшүнгөн окуучулар тандалып алынды. Жыйынтыгында 1-класстардагы окуучулардын арасынан Бостон мектебинин окуучусу Медина Шакирова Эсенгул Ибраевдин «Улут болсом, тилим менен улутмун» ырын көркөм айтып, 1-орунду ээледи. Ал эми сулуу жазуу боюнча сынакта Кызыл-Коргон мектебинин окуучусу Арууке Токторова 1-орунду камсыздады.

2-класстардагы окуучулардын арасынан 1-орунду Алыкул Осмоновдун «Мен кыргыздын акыны» деген ырын көркөм айтып, М.Назаров атындагы орто мектебинин окуучусу Асема Орозалиева ээледи. Ал эми сулуу жазуу боюнча 1-орунду И.Исаев мектебинин окуучусу Тахмина Кутбидинова алды.

3-класстардын арасынан көркөм айтуу боюнча А.Сыдыков мектебинин окуучусу Маржона Шамилова жана Т. Исмаилов мектебинин окуучусу Айтурган Амираева 1-орунду ээлешти. Ал эми сулуу жазуу боюнча И.Исаев мектебинин окуучусу Сезим Ашимова 1-орунга татыды.

4-класстардын арасынан көркөм айтуу боюнча Т.Бекенов мектебинин окуучусу Нурсейит Акимов, Ленин мектебинин окуучусу Нафиса Кубатова жана А.Эшенкулов мектебинин окуучусу Нурзада Жаныбаева 1-орунга чыгышты. Ал эми сулуу жазуу боюнча Т.Исмаилов атындагы мектебинин окуучусу Нагима Токторова 1-орунду ээледи.

1-орунду ээлеген окуучуларга ардак грамоталар жана белектер тапшырылды. Башка катышуучуларга да кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Сынактын 1-этабы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин арасында өткөрүлсө, 2-этабы 3-май күнү окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен бирге сулуу жазууга, көркөм ыр айтууга жана окуп түшүнүүгө үйрөтүү, ошондой эле билимдү болууга тарбиялоо.

Сынак Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары Сайрагүл Байбубаева жана Зейнегүл Маманова тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up