Кочкордогу 33 мектептин окуучуларына жана ата-энелерине кылмыштуулуктун алдын алуу түшүндүрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Кочкор районундагы 33 орто мектептин окуучуларына кылмыштуулукту азайтуу, ыймандуулукка чыкырууга багытталган лекциялар окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн алкагында Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызматкери Сейит Исаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кочкор районунун прокурору Кубанычбек Нуралиев, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Эрлан Аруунов, «Адеп башаты» коомдук прогрессивдүү уюмунун адиси Өмүр Бекташев, Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Канымбүбү Иманалиева, Кочкор райондук кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Эсеналиева, райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Алишер Акимов жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо максатында Кочкор районундагы 33 мектептин окуучуларына лекция өтүштү.

Иш-чаранын алкагында терс көрүнүштөргө бөгөт коюу жана окуучулар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up