26 жаштагы Баяз Тологонов Панфилов районундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт, видео)

26 жаштагы Баяз Тологонов Панфилов районундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районунда «Жыл мугалими - 2019» сынагы өткөрүлдү. Анда А.Осмонов атындагы орто мектебинин чет тилчи мугалими — 26 жаштагы Баяз Тологонов жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Нарынгүл Өзүбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондук окуу-усулдук бөлүмү тарабынан сынактын жобосу иштелип чыгып, усулдук кеңеште бектилген. «Анын негизинде бардык окуу-тарбия мекемелеринде сынактын 1-туру өткөрүлгөн. Анда жеңүүчү болгондор райондук сынакка сунушталган. Натыйжада калыстар тобу райондук сынакка 10 талапкерди көрсөткөн.

«Жыл мугалими-2019» сынагынын райондук туру Панфилов комплекстүү орто мектебинин базасында өтүп, 3 күнгө созулду. Ага 10 талапкер катышып, өздөрүнүн педагогикалык философиясын көрсөтүштү. Алгачкы күндөгү ачылыш аземинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Ашыкеев куттуктоо сөз сүйлөп, талапкерлерге ийгилик каалады. Ошол эле күнү өзүн тааныштыруу, презентация, 15 мүнөттүк сабактан фрагмент орун алып, эссе жазылып, педагогикалык-психологиялык-методикалык тесттер тапшырылды. Ал эми 2-күнү көргөзмөлүү ачык сабактар өтүлүп, мугалимдин педагогикалык-методикалык чеберчилигин, ишмердүүлүгүн аныктаган портфолио каралды. Ал эми сынактын 3-күнүндө талапкердин жеке таланты, өнөрү көрүүчүлөргө тартууланып, концерттик программалар менен коштолду», - деди Н.Өзүбекова.

Сынактын соңунда калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды:

- 1-орун — А.Осмонов атындагы орто мектебинин чет тилчи мугалими Баяз Тологонов;

- 2-орун К.Сулайманова атындагы Кайыңды мектеп-гимназиясынын математика мугалими Тамара Башаханова;

- 3-орун — Э.Кожомкулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Айзат Өмүрбекова.

Соңунда райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик кошуунунун төрайымы Айша Абдраимова тарабынан ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up