Ат-Башыда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Ат-Башыда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга РИИБдин ЖКККБ башчысы, милициянын капитаны Бакай Каратаев билдирди.

Анын айтымында, аталган сынак жол кырсыктарын алдын алуу максатында райондун аймагында жайгашкан мектеп окуучулары арасында уюштурулду. Мелдеш 4 сынактан турду.

Жыйынтыгында К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин «Жол сакчылар» командасы жеңүүчү деп табылып, облустук деңгээлде өтүүчү сынакка жолдомо алды.

2-орунду Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин «Светофор» командасы, 3-орунду Ч.Асеков атындагы орто мектебинин «Жол чырак» командасы алышып, кызыктыруучу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up