Жалпы республикалык тестирлөө баштала турган убакыт

Жалпы республикалык тестирлөө баштала турган убакыт

Билим АКИpress - Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жалпы республикалык тестирлөө баштала турган убакыт жана орундары тууралуу маалымат таратты. Бул тууралуу аталган борбордун сайтында айтылат.

Окуучулар катталган жери боюнча мектептен же шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн билдирүү алышы керек.

Мурдараак ЖРТга катталууга жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо 17-майда (1-этап) жана 20-майда (2-этап) болору маалым болгон. Өлкө боюнча 130дай тестирлөө борборлору уюштурулат.

Күн тартиби

Негизи тест:

I нөөмөт: Тестке каттоо 7:45те болот, ал эми тестирлөө 8:30да башталат
II нөөмөт: Тестке каттоо 13:45те болот, ал эми тестирлөө 14:30да башталат

Предметтик тест:

I нөөмөт: Тестке каттоо 8:10до болот, ал эми тестирлөө 8:30да башталат
II нөөмөт: Тестке каттоо 10:10до болот, ал эми тестирлөө 10:30да башталат
III нөөмөт: Тестке каттоо 13:10до болот, ал эми тестирлөө 13:30да башталат
IV нөөмөт: Тестке каттоо 15:10до болот, ал эми тестирлөө 15:30да башталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up