Оштогу окуучулар өрт кырсыгы боюнча мелдеште ат салышты (сүрөт)

Оштогу окуучулар өрт кырсыгы боюнча мелдеште ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 3-майда ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Өрт кырсыгы окуучулардын көз карашы менен» деген темада мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынакка №7 Нариманов, №2 Карл Маркс, №27 Портсъезд жана №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиялардын окуучулары катышты.

Иш-чаранын максаты — окуучуларга өрттүн тилсиз жоо экендиги жөнүндө кеңири түшүнүк берүү, өрт коопсуздук эрежелерин сактоонун жол-жоболорун практика жүзүндө тааныштыруу, өрт учурунда өзүн алып жүрүүнү үйрөтүү, окуучулардын арасында өрттүн кооптуулугун пропагандалоо, жаш балдардын от менен ойногонуна жол бербөө болуп эсептелет.

Мелдеш көркөм жана спорттук болуп эки этапта өткөрүлдү.

Мелдеште командаларга берилген тапшырмалар:

- Командалардын саламдашуусу;

- Өрт темасында ХОР;

- Команданын эмблемасы, дубал гезитин коргоо;

- Сахналык көрүнүш (өрт учурундагы көрүнүштү камтыган интермедия);

- Жеке ыр (өрт жөнүндө);

- Окуучулар тарткан сүрөт көргөзмө (өрт темасына арналган);

- Эвакуация планын түшүндүрүү (ар ким өз мектеби боюнча).

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө I, II, III, VI даражадагы дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up