Кочкорлук окуучулар интеллектуалдык таймашта күч сынашты (сүрөт)

Кочкорлук окуучулар интеллектуалдык таймашта күч сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинде республикалык «Жаш күч» коомдук бирикмеси уюштурган «Акыл сааты» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Бул тууралуу Дайырбек Айдарбеков билдирди.

Ага райондогу 33 мектептин командалары катышты.

Таймаштын жүрүшүндө Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин «Учкун» командасы өздөрүнүн мыкты даярдыкта экенин көрсөтүп, 1-орунга татыктуу болду. Командадагы 5 окуучуну мектептин математика мугалими Мааназарова Гүлнара даярдап, жетектеп барган. Команда 2500 сом, Асыранбек Мааткеримов мектеби 1000 сом акчалай сыйлык жана «Татыктуу билим» наамындагы диплом менен сыйланды.

2-орунга Кеңеш Мырзабеков атындагы мектебинин «Улуу Мурас» командасы, 3-орунга Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектебинин «Ак шумкар» командасы татыктуу болду.

Интеллектуалдык таймаш 4 тур менен өткөрүлүп, кийинки 4-орунга 5 мектеп татыктуу болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up