Балыкчыдагы №4 гимназияда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери эскерилди

Балыкчыдагы №4 гимназияда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери эскерилди

Билим АКИpress - Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата «Эрдиктердин изи менен» аталышында эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, кечеге аталган мектептин 11-классынын окуучулары катышты. Кечени тарых мугалими Өмүркүл Карачева уюштуруп, алып барды. Иш-чарага «Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Петр Петров жана Лариса Ступкина, ошондой эле блокадада болгон жана тылда иштеген ардагерлер чакырылган.

11-класстын окуучулары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Балыкчы шаарынын ардагерлерин эскеришип, слайд көрсөтүштү. Көркөм ырларды айтышып, эрдик темасына арналган ырларды ырдашты. Ошондой эле ардагерлерге каалоо-тилектерин айтышып, белек берип узатышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up