Беловодск айылындагы жатак мектептин өзгөчөлүктөрүн директору В.Наспекова айтып берди (сүрөт)

Беловодск айылындагы жатак мектептин өзгөчөлүктөрүн директору В.Наспекова айтып берди (сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү каарманыбыз – Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектептин директору, билим берүүнүн отличниги Венера Наспекова. Ал өзү жетектеген мектептин ишмердүүлүгү, педагогикалык жамаат жана анда билим алып, тарбияланган балдардын өзгөчөлүктөрү тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Жаш муундарга билим-тарбия берүүдө Беловодск көмөкчү жатак мектеби башка окуу-тарбиялоо мекемелеринен кескин түрдө айырмаланат. Учурда курамы көп улуттуу, психологиялык, медициналык жана педагогикалык комиссиянын чечими менен республиканын бардык аймактарынан 159 окуучу кабыл алынган. Алар материалдык-техникалык базасы чың кош кабаттуу жатак мектепте билим алып, заманбап технологиялар менен жабдылган окуу бөлмөлөрүндө, ашкана, спорт зал жана аянтчаларда, китепкана, өнөрканада жашоосун өткөрүп келишет. Окутуу процесси 1-9-класстарга орус тилинде жүргүзүлүп, ар бир класска жетекчи, тарбиячы бекитилген. Ал эми түнкү багуучу катары уул балдарга, кыздарга бирден кызматкер бар. 9-классты бүткөн мыкты окуучулар ата-энелеринин макулдугу менен кесиптик лицейлерден билим алуусун улантышат. Өзгөчө тигүүчү, ширетүүчү, бут кийим оңдоочу, ашпозчу ж.б. кесиптерге көптөрү кызыгышат. Мындай ишмердүүлүккө калыптоодо, билим-тарбия берүүдө жатак-мектепте 17 мугалим, 14 тарбиячы эмгектенет. Тактап айтканда, кадр маселеси толук чечилген.

Жатак-мектебибиздеги балдарды бир топко кошуп, кароого болбойт. Негизинен аларга 3 бөлүктөн педагогикалык-психологиялык талдоо жүргүзүүбүз абзел:

1. Жеңил акыл-эси кем. Алардын жүрүм-туруму, сабакты өздөштүрүүсү, сүйлөө речи, өз оюн айта билүүсү туура өнүккөн. Бирок жаш өзгөчөлүгүнө төп келген талаптарга жооп бербейт.

2. Орто акыл-эси кем. Мүнөзү туруктуу эмес, сүйлөп жатып оюн топтоштура албайт. Унутчаак келишет. Жүрүм-туруму канааттандырылбайт.

3. Оор шартта акыл-эси кем. Жүрүм-туруму, кабыл алуусу өтө татаал. Аң-сезими, ой жүгүртүүсү, сүйлөө речи өнүкпөгөн. Алар айланасындагы балдарга өтө кооптуу, коркунучтуу. Тез ачуусу келип, таш ж.б. менен уруп жиберүүдөн кайра тартышпайт. Ошондуктан, дайыма мугалимдердин, тарбиячылардын такай көзөмөлүндө турат. Демек, мындай балдар менен иштөөдө, билим-тарбия берүүдө педагогикалык жамаат балдардын жаш курак психологиясын билүүсү өтө маанилүү. Ошондой эле педагогикалык-методикалык чеберчилиги жогору туруусу талап кылынат.

Негизинен, тарбия берүү менен билим алууга багыттайбыз. Башкысы – эмгек тарбиясы балдардын инсандык жетилүүсүнүн булагы катары иш-аракеттерибиз ишмердүүлүгүбүздүн негизги борбору, кыймылдаткыч күчүнө айланат.

Камкордукка муктаж балдар менен иштөөдө мугалимдик кесипти жан дилинен сүйгөн кесипкөй адамдар гана туруктуу иштей алышат. Алар бүткүл жүрөгүн балдарга арнап, жашоосу менен жуурулушуп, айттырбай оюн туйган психолог, билим жолуна жипсиз байлап, улам келечекке үндөгөн педагог, күлкүсүнө бөлөнгөн, кайгысына ортоктош тарбиячы болушат. Ошондой мугалим-тарбиячылардын көч башында турган Бакыт Сарлыкбеков, Александр Сукачев, Гүлнура Насыркулова жана Зинагүл Аттокуровалардын аттарын сыймыктануу менен сөз кылуубуз абзел.

«Ата-эне» педагогикалык кызматташтыктын борбору кыргыз коомунда балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу өзгөчө экендиги тастыкталып келет. Анда этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөр тереңделип барганы көмөкчү жатак-мектепте да чагылдырылат. Байма-бай билим уясына келген ата-энелер каалаган учурда сабактарга катышууга, жатакана, ашкана менен таанышууга директор тарабынан укук алышкан. Мындай жагдай мектеп ишин демократиялаштырууга, педагогикалык кызматташтыкты чындоого шарт түзөт. Ар чейрек сайын окуу-тарбия процессиндеги жүргүзүлгөн иштер ата-энелер комитетинин төрайымы Елена Бекасованын жетектөөсүндө талкууланып турулат. Анда өзгөчө балдардын ден соолугуна, эс алуусуна, 4 ирет тамактануусунун сапаттуулугуна, коопсуздугуна жана жатаканадагы жагымдуу шарттарга басым жасалат. Өздөрүнүн чечимдеринин негизинде кабыл алынган сунуштар, талаптар директордун кеңешинде, педагогикалык-методикалык жыйындарда талкууланат. Ошондой эле активдүү ата-энелер катышкан, жатак-мектеп тарабынан демилгеленген түрдүү иш-чаралар ата-эне, окуучу, мектеп жана коомчулуктун биргелешкен ишмердүүлүгүн арттырат. Тактап айтканда, «Үлгүлүү ата-эне», «Менин сүйүктүү апам», «Активдүү үй-бүлө» сыяктуу номинациялар боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, мыктыларга мектеп директорунун ыраазычылык каты ыйгарылат. Бул аракеттер ата-эненин милдетин туура түшүнгөн гана атуулдардын колдоосуна татып, коомчулуктун көмөкчү жатак-мектепке көмөктөшүүсүнө негиз түзөт. Ата-энелер мүмкүнчүлүгүнө жараша айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жардам беришет. Анын өсүп-жетилүүсүнө да көз салышат», - деп айтып берди В.Наспекова.

Жаш муундарды тарбиялоодо, билим сапатын арттырууда педагогикалык ишмердүүлүктү ийгиликтин жаратуучусу, канаты катары эсептеген директор Венера Наспекова 13 жылдан бери өзгөчө камкордукка муктаж көмөкчү жатак-мектепте үзүрлүү эмгектенип келет. Өзгөчө жатак-мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, жагымдуу шарттарды түзүүдө демөөрчүлөрдү таап, коомчулуктун көңүлүн акыл-эси кем балдарды асырап жетилтүүгө бурууга аракеттенет.

«Өмүр жолумда 2008-жылы Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн мүмкүнчүлдүгү чектелген балдардын Бүткүл дүйнөлүк фестивалы көз карашымды өзгөрттү. Коомдун аярлуу катмарында жашаган балдарга мүмкүн болушунча энелик, атуулдук жана жетекчилик вазийпамды арноону чечтим. 15 күн өтө жогорку деңгээлде өткөрүлгөн фестивалга 2 окуучуну да ала баргам. Алар башка мамлекетте балдарга көрүлгөн камкордуктар менен таанышты. Түркиядагы фестиваль демөөрчүлөр менен иштөөнүн эшигин ачты. Ал өзгөчө көмөккө муктаж балдар менен иштөөнүн интенсивдүү методикасынын коңгуроосун какты», - дейт ал.

Жан дүйнөсүнө бурулуш жасалган мезгилден бери В.Наспекова өзгөчө методика, ыкма, алдыңкы тажрыйба, тарбиялоонун, окутуунун жаңы технологиялары менен педагогикалык жамаатты куралдандырууга киришти. Өзү да коомчулук, долбоорлор, демөөрчүлөр менен иштөөнүн натыйжалуу жолдорун иликтеди. Натыйжада, Япония элчилигинин «Корни травы и человеческой безопасности» гранттык программасына долбоор жазып, андан 100 миң доллар утуп алган. Ага 2 япониялык актыярчы кыз көмөктөшкөн. Бул ири суммадагы долбоордун негизинде Петровкадагы 1929-жылы курулган эски атайын жатак мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле түрдүү амалдарды аткара турган кийим тигүүчү машиналар алынып, пайдаланууга берилген.

«Ал эми Беловодск атайын көмөкчү жатак-мектепке 1 млн. сомго жакын каражат жумшалып, айлана-чөйрө көрктөндүрүлгөн. Тагыраагы 580ден ашык түп алма көчөттөрү отургузулуп, учурда баары көктөп, жашылданууда. Мындан сырткары, чоң жолдон мектепке чейинки 700 метрлик жолго жана мектептин айланасына асфальт төшөлгөн. Бул аракеттер Транспорт жана жолдор министрлиги менен кытайлык фирма тарабынан жүзөгө ашырылган. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана таза суу менен камсыздоодо арабдардын жардамы менен жер алдынан сордуруп алуучу каражаттар менен ишке ашырылды. Албетте, булар эң негизги жана көзгө толумдуу жагдайлары. Чакан иш-аракеттер жатак мектепте ондоп саналат.

Жатак мектептеги окуу-тарбиялоо процесси билим бөлүмүнүн жаңы технологиялары окуу бөлүмүнүн башчысы Туратбек кызы Нурбүбү тарабынан жөнгө салынат. Анда 3 усулдук бирикме иштеп, балдардын жекече мүмкүнчүлүгүн ачууга багытталат. Чыгармачылыгын иликтеп, аны өркүндөтүүдө 5 ийримге (жумшак оюнчуктарды жасоо, бут кийимдерди оңдоо, футбол, бий, музыка) өз калоолору менен катыша алышат.

Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылы тажрыйбалуу мугалим С.Молдошериповдун жетекчилигинде комуз үйрөтүлө баштаган. Ага ар түрдүү улуттан окуучулар катышып, кыргыз күүлөрүн жаңыртууда. Улуттук музыкалык аспапта кол ойнотууга кызыккандардын саны күн санап артып келет. Билим уясындагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири – тажрыйбалуу мугалимдер Анипа Эсенбаева менен Наталья Майстренконун жетектөөсүндө тигүүчүлүккө, бычмачылыкка, сайма саюуга, куурчак ж.б. жумшак оюнчуктарды жасоо иш-аракеттери жүргүзүлгөндүгүндө.

Албетте, күнү-түнү балдардын жан дүйнөсүндө жашаган мугалимдердин, тарбиячылардын эмгеги арбын. Жумуш татаал, ары жооптуу. Бардык эле мугалим бул жайда эмгектенип кетүүсү кыйын. Бирок, көнүп-шартташып калган соң, андан чыгып кетүү андан да ыңгайсыз. Себеби балдар мугалим-тарбиячы менен тил табышып, жакын адамындай кабыл алышат. Айрым учурларда кадимкидей сагынып, күтүп турушат. Ошондой мугалимдердин бири — 10 жылдан ашуун иштеген медайым И.Өмүржанова. Ал — дени сак балдарды жетилтүүдө өз адисинин устаты, окуучулардын сүйүктүү эжейи», - деп айтып берди мектептин жетекчиси.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up