Корулдагы окуучулар акыл таймашта билим сынашты (сүрөт)

Корулдагы окуучулар акыл таймашта билим сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагындагы мектеп окуучуларынын арасында «Биз интеллектуалдар» аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулду.

Акыл таймашка Корул айыл аймагында жайгашкан М.Маназаров, Ж.Алимов, К.Тайчабаров, А.Бекташов, Ж.Орозов атындагы мектептерден 2ден команда катталып, жалпы 10 команда катышты.

Сынак 2 тур жана 3 категорияда өттү.

1-турда 2 команда бири-бири менен ат салышып, 10 команда бири-бири менен таймашышты. Оюн учурунда 3 категория боюнча: Кыргызстан (адабият, география), Кыргызстандын тарыхы боюнча жана логикалык суроолор берилди.

Ал эми 2-турда ар бир команданын капитандарынын ортосунда таймаш жүрүп, аларга жогорудагы категориялар боюнча жана башка суроолор берилди. Жыйынтыгында «Мыкты оюнчу», «Интеллектуал окуучу», «Өз оюн ынанымдуу, так, туура, эркин айта алган окуучу», «Тез ойлонгон окуучу» номинацияларынын ээлери аныкталды.

Акыл таймаштын жыйынтыгында 1-2-орундарды Ж.Алимов орто мектебинин 2 командасы алышса, А.Бекташов мектеби 3-орунду камсыздады. Ал эми К.Тайчабаров мектеби «Мыкты команда» номинациясын жеңип алды. Жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу белектер, китептер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Таймаш Корул айылдык кеңешинин депутаты Зарипбек уулу Санатбек тарабынан уюштурулуп, ага Корул айыл өкмөтү жана Бишкек шаарында окуп жаткан студент Сүйүнбек кызы Мээрим көмөк көрсөттү.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларга акыл-таймаш аркылуу татыктуу билим алуусуна жардам берүү, ар тараптуу тез ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, оюн аркылуу мектептер аралык ынтымагын, достугун, биримдигин чыңдоо, интеллектуалдык деңгээли күчтүү, билимдүү окуучуларды коомчулукка алып чыгуу, окуучуларды өз оюн ынанымдуу, так, туура, эркин айтууга тарбиялоо, Корул айыл аймагынын жаштарынын билим деңгээлин жогорулатуу менен башка аймактарга өрнөк болуу болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up