Майлуу-Суудагы окуучулар «Бул Жеңиш күн!» акциясын өткөрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата 3-майда «Бул Жеңиш күн!» акциясын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Караева билдирди.
Акцияга Ч.Айтматов атындагы №1 жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана №2, №8 жалпы билим берүү орто мектептеринин 9-11-класстарынын окуучулары катышты. Алар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон мекендештерибиздин урматына коюлган эстеликтин айлана-чөйрөсүн тазалап, бак-дарактарды актап, иретке келтиришти.
Иш-чаранын максаты – кыргыз элинин маданий мурастарын окуучуларга үйрөтүү жана аларды патриоттуулукка тарбиялоо.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×