Москвада акын, котормочу, мугалим Тилекмат Базаркуловдун айкели ачылды (видео, сүрөт)

Москвада акын, котормочу, мугалим Тилекмат Базаркуловдун айкели ачылды (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектепте акын, котормочу, мугалим Тилекмат Базаркуловдун айкелинин ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Алтынбек Мамбеталиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага акимдин орун басары Ж.Нарботоев, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышты.

А.Мамбеталиевдин айтымында, Т.Базаркулов кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, мугалимдердин республикалык 6-създинин делегаты болуп, 27 жыл мектепте директорлук кызматты аркалаган. 1991-жылы көзү өткөн соң, 1992-жылы анын ысымы аталган мектепке ыйгарылган.

«Агайыбыздын айкелинин ачылыш аземи Чоң-Арык айылында өзгөчө майрамга айланды. Ал көп кырдуу таланттын ээси болгон. Мугалим, директор гана болбостон, поэзия саптарын жаратып, окурмандардын кызыгуусун арттырган. Тактап айтканда, 1961-жылы анын калемине таандык «Кыял» жыйнагы жарык көргөн. Ал эми 1962-жылы «Дүбүрт» альманахына түрдүү тематикадагы ырлары басылган. 1995-жылы «Айныба күзүм, айныба» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ошондой эле ал адистиги боюнча тарых мугалими болгондугуна карабастан, котормочулукту да колго алган. Казак акыны А.Табалдиевдин «Бөбөк сөзүн» кыргыз тилине которгон. Атуулдук улуу сапатка ээ мугалим, жетекчи, акын жана котормочу агайыбыздын өмүрү, баскан жолу жаштарга үлгү. Бүгүн мына, үй-бүлөсү, балдары, неберелери өз каражатына айкел орнотуп, ачылыш аземин уюштуруп, маркум атасынын жаркын элесине арнап куран окутуп жатышат. Мындай демилгелүү иш-чара, атуулдук ыйык парз коомчулукка үлгү», - дейт А.Мамбеталиев.

Т.Базаркуловдун атын алып жүргөн мектепте учурда 19 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 10 мугалим – билим берүүнүн отличниги. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 244 окуучу билим алууда. Ал эми мектеп директору Эркинбек Сатиев окутуунун жаңы технологияларына басым жасайт. Ошондон улам окуучулары райондук, облустук, республикалык предметтик олимпиадаларга активдүү катышып келишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up