Таластагы немис тилин терең окуткан №3 гимназияга полковник Камалбек Дардаңовдун ысымы ыйгарылды

Таластагы немис тилин терең окуткан №3 гимназияга полковник Камалбек Дардаңовдун ысымы ыйгарылды

Билим АКИpress - Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, полковник Камалбек Дардаңовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чечим 2019-жылдын 24-январында өкмөткө караштуу көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган. Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын жетекчилери, облустук кеңеш, УКМК ардагерлери жана кызматкерлери, К.Дардаңовдун туугандары жана ошондой эле коомдук ишмерлер, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.

К.Дардаңов 1948-жылдын 15-июнунда Талас облусунун Киров районуна караштуу Бакыян айылында туулган. 1966-жылы Бейшекен орто мектебин, 1971-жылы К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак грамоталары менен сыйланган.

2014-жылдын 3-майында 66 жашында дүйнөдөн кайткан.

Иш-чарага катышкандар К.Дардаңов Талас шаарынын жана Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле мамлекеттин улуттук коопсуздугунун бекемделишине жана атайын кызматтардын ишинин өркүндөшүнө олуттуу салым кошконун эскеришти.

Талас шаарындагы К.Дардаңов атындагы мектеп-гимназиясы немис тилин терең окутуу боюнча алдыңкы орто мектептерден болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up