КММА мырзасы-2019: Айдан Иманалиев Медакадемиянын эң татыктуу студенти деп табылды

КММА мырзасы-2019: Айдан Иманалиев Медакадемиянын эң татыктуу студенти деп табылды

Билим АКИpress - «Сейтек» балдар жана жаштар улуттук борборунда «КММА мырзасы» сынагы өттү. Анда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эң татыктуу студент-мырзасы тандалды.

«КММА мырзасы» наамы үчүн аталган жогорку окуу жайдын факультеттеринен 7 студент ат салышкан. Алардын арасында англис тилинде окутуу жүргүзүлгөн дарылоо иши факультетинен, тагыраагы чет өлкөлүк студенттер да бар.

Ар кандай интеллектуалдык оюндар түрүндөгү сынактардын жыйынтыгында калыстардын чечими менен Айдан Иманалиев «КММА мырзасы» деп табылды. Ал эми вице-мырза Темирлан Тугабеков болду.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларга Медакадемиянын жана демөөрчүлөрдүн атынан дипломдор, сертификаттар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

«КММА мырзасы» сынагы жыл сайын өткөрүлүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up