«Манас таануу» республикалык сынагын Чүйдүн окуучулары жеңди (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Нур» тайпасы «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык турунда 1-орунду багындырды. Бул боюнча аймактык кабарчыга мектептин директору Гүлнара Мамбетиманова билдирди.

Сынакка кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалим, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси Сыйнаш Иманкулова жетектеген 7-8-класстын окуучулары катышкан.

«Таймашка окуу процесси кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден 19 тайпа катышты. Оюн 2 тур менен өткөрүлдү. Жеңүүчү деп белгиленген 10 команда финалдык турда ат салышып, жыйынтыгында биздин мектептин окуучуларынан түзүлгөн «Нур» командасы (Найзабекова Бермет, Мамашарипова Алтынай, Сүйүнбай кызы Беназир, Токтосунов Байэл, Руслан уулу Даниэл) байгелүү 1-орунга жетишти. Биздин мугалимибиз Сыйнаш Эсенкуловна буга чейин 4 команда даярдап, байгелүү орундарды камсыз кылып келишкен. 2014-жылы «Тулпар» командасы республикалык турдан 3-орунду, 2015-жылы «Кыраандар-1» командасы облустук турдан 2-орунду, 2016-жылы «Кыраандар-2» командасы республикалык турдан 3-орунду, 2018-жылы «Ыйык» командасы республикалык турдан 2-орунду, 2019-жылы «Нур» командасы республикалык турдан 1-орунду алышты», - деди Мамбетиманова.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, «Саякбай манасчы» коому демөөрчүлүк кылып, байгелүү орунга ээ болгон 5 окуучу жана мугалим ноутбук, рюкзак, баалуу китептер менен сыйланышты. Ошондой эле июнь айында Талас облусундагы «Манас ордо» комплексине экскурсияга барууга жолдомо алышты.

Сыйнаш Эсенкуловнанын көп жылдык эмгегин баалап, «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын комиссиясы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен жана Президент аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин ыраазычылык каты менен сыйлашты.

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынан Чуй облусунун мектептеринен Сыйнаш Эсенкуловна даярдаган командалар гана байгелүү орундарга ээ болуп келүүдө», - деди жетекчи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up