Чолпон айылындагы мектепте тестирлөө борбору ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Чолпон айылында жайгашкан К.Акназаров атындагы орто мектебинде Борбордук Азия университетинин профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан эл аралык компьютердик күбөлүк программасынын тестирлөө борбору ачылды. Бул «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Ачылышка долбоордун өкүлдөрү, мектептин мугалимдери, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, Кочкор райондук администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышып, окуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Учурда Нарын облусу боюнча 24 мектептин арасынан 11 мектеп тандалып алынып, долбоор менен иштеп жатышат. Буга чейин долбоор менен иштеген мектептердин маалымат технологиясы, компьютердик сабаттуулук боюнча мугалимдерине тренингдер өтүлүп, квалификациялары жогорулатылган. Аталган долбоордун алкагында мектеп заманбап компьютерлер менен жабдылып, интернет тармагына кошулуу мүмкүнчүлүгүн алган. Ошондой эле маалыматтык технологиялар сабагы боюнча олимпиаданын жыйынтыгы менен ийгиликтүү өткөн окуучуларга грамоталар тапшырылды.

Катышуучуларга мектептин өнөрпоз окуучулары чакан программада концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up