Кыргыз тилчи Гүлназ Зикирова Жайыл районундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт, видео)

Кыргыз тилчи Гүлназ Зикирова Жайыл районундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Жайыл районундагы маданият үйүндө «Жыл мугалими-2019» сынагы өткөрүлдү. Анда 43 жаштагы Гүлназ Зикирова жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы Аида Саргалдаева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, сынак райондук окуу-усулдук кабинети тарабынан түзүлгөн жобонун негизинде өтүлдү. Ал өз алкагына 4 турду камтыган. Сынактын жыйынтыктоочу турунда 12 талапкер ат салышты.

«Жыл мугалими-2019» сынагынын райондук этабына 36 мугалим, 12 бала бакча тарбиячылары талапкерлигин көрсөткөн. 1-турда алардан алынган тесттердин жыйынтыгы, буклеттердин өзгөчөлүгү комиссия тарабынын каралып, 15 талапкер тандалып алынган.

2-турда мугалимдердин, тарбиячылардын педагогикалык-методикалык лабораториясы, башкача айтканда дидактикалык материалдарды колдоно билүүдөгү ишмердүүлүгү каралып, 15 талапкерден 12си сынактын кийинки туруна сунушталган.

3-турда ачык сабактар өтүлүп, сабак өтүүдө окутуунун алдыңкы технологияларын колдоно билүүсү, убакытты рационалдуу пайдалануусу жана сабактын планынын мамлекеттик стандартка ылайык жазылышы каралды. Андан чечүүчү, жыйынтыктоочу райондук туруна окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден 4, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден 4, бала бакчалардан 4 талапкер сунушталган.

4-турда талапкерлер өзүн тааныштырып, презентация жасашты.

«Калыстар тобу сабак өтүү методикасына көбүрөөк басым жасашты. Ошентип, сынакта калыстар тобунун чечими менен Кара-Балта шаарындагы Д.Шопоков атындагы №9 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлназ Зикирова «Жылдын мыкты мугалими» аталды.

Сынактын соңунда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Арыков, билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы Р.Бадачиева, Кара-Балта шаарындагы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын фракциясынын лидери У.Алымкулов жана башка өкүлдөр ардак грамоталарды, сертификаттарды тапшырышып, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалашты», - деп айтып берди А.Саргалдаева.

Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн, окуу-тарбиялоо мекемелеринин, маданият үйүнүн кызматкерлери, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up