Өзгөндө Мектеп-Колледж-Университет инновациялык кесип тандоо борбору ачылды (сүрөт)

Өзгөндө Мектеп-Колледж-Университет инновациялык кесип тандоо борбору ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунун Өзгөн районунда 2019-жылдын 2-3-апрелинде Мектеп-Колледж-Университет инновациялык кесип тандоо борборунун филиалы ачылды. Бул тууралуу Эл аралык инновациялык технологиялар университетинен билдиришти.

Буга чейин аталган университетте райондордо кесип тандоо борборун ачуу боюнча кызуу даярдыктар жүрүп келген. Анын максаты — орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесипти кантип туура тандоо керектиги жана ЖОЖдор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Кесип тандоо борбору Куршаб айылынын Ленин атындагы №5 орто мектепте ачылып, башкы директору болуп Алмазбек Эшназаров дайындалды.

Борбордун расмий ачылышына Эл аралык инновациялык технологиялар университетинен, Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинен жана Эл аралык медициналык университетинен окутуучулар катышты. Окутуучулар райондук мектептердин жана лицейлердин мугалимдеринин, жумуш берүүчүлөр, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрдүн адистеринин квалификациясын жогорулатууга арналган окуу-тренингдерди өтүштү. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

Андан сырткары, ЭИТУдан барган 6 студент Өзгөн районундагы мектептер арасында интеллектуалдык оюн өткөрүштү. Жалпысынан 40 мектептин окуучулары катышкан бул таймаш кызуу өтүп, жыйынтыгында 1-орунду камсыз кылган 5 окуучу аталган ЖОЖдон 50% арзандатуу менен билим алуу мүмкүнчүлүгүн алышты. 2-орунду камсыз кылгандарга 30%, ал эми 3-орунду камсыз кылгандарга 20% арзандатуу менен окуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Ушундай эле интеллектуалдык оюн Кара-Кулжа районундагы 30 мектептин арасында өткөрүлдү. Ал жакта дагы таймаш кызуу өтүп, окуучулар берилген тапшырмаларга жана логикалык суроолорго жооп берип, өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 50%, 30%, 20% арзандатуу менен окууга сертификаттар тапшырылды.

Кесип тандоо борборунун ачылышында айыл тургундары жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up