Эмне үчүн эмгек акы аз кесипти тандаган? «Жаш мугалим» сынагынын финалисти Улукбек Исмайыл уулу (видео, сүрөт)

Исмайыл уулу Улукбек
Исмайыл уулу Улукбек

Билим АКИpress - Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Бул сынактын дагы бир финалисти — Ош шаарындагы №11 В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаш дене тарбия мугалими Улукбек Исмайыл уулу. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү, сынакка катышуусу жана бул кесипти кантип тандап калганы тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Арыбаңыз агай! Эң оболу дене тарбия адистигине келип калгандыгыңыздын таржымалын айта кетсеңиз.

- Бар болуңуз! Мен 2013-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин табигый педагогика жана дене тарбия факультетинин дене тарбия адистигинде билим алып баштагам. Окууда активдүү студенттердин катарын толуктап, факультеттин төрагасынын милдетин аткаруу боюнча Жогорку Кеңеште практикада болдум. Ошентип, окуумду 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, мамлекеттик келишимдин негизинде шаарыбыздагы №11 В.Терешкова атындагы мектеп-интернатына дене тарбия мугалими болуп жөнөтүлдүм. Учурда аталган мектепте үзүрлүү эмгектенип жатам. Быйыл эмгектенип жатканыма 2 жылдын жүзү болду.

- Негизи эле кишини жакындан тааныш үчүн анын өмүр баянына кайрылат эмеспизби. Сиз да өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Ордолуу Ошубуздагы даткалардын мекени болгон Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында 1995-жылы туулгам. Жаштыктын бир ууртам элесин чагылдырган балалык күндөрүмдүн ширин элеси Кара-Суу районундагы Мады айылында өттү. Атакемдин артынан калбай ээрчип жүрчү адатым бар эле. Апакемдин жакшылыктары жөнүндө өмүр бою айтсам да сөз бүтпөчүдөй. Бирок мен үй жумуштарынан алыс чоңойгонумду мойнума алып жашайм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Алардын ичинен педагогдук кесипке шериктеш болгон эжем бар. 2 агам бар. Бири жеке ишкер, бири ички иштер кызматында иштейт.

- Дене тарбиячы мугалим кесибин аркалаганыңыздын себеби, өзгөчөлүгү эмнеде?

- Балалык кезимден кыялданып жүргөн кесибим бул — ички иштер кызматкери болчу. Мектепте 10-11-класста окуп жаткан учурда спорт жагынан бир топ ийгиликтерди жараттым. Мына, ушул себептерден улам дене тарбияга болгон кызыгуум артты. Ар бир кесип ардактуу болгондой, менин да кесибим окуучулардын акыл-эсин сергитүү, ыкчамдуулукка үйрөтүү жагы менен айырмаланат. Спортту учурда көпчүлүк жаштар мушташуу деп түшүнөт, бирок бул мушташуу эмес, ден соолукка кам көрүү.

Көпчүлүк адамдарды шыктандырган дене тарбия адистигим боюнча жетишкендиктерим бар. 1-2-курсумда жеңил атлетика боюнча ЖОЖдор арасындагы студенттердин републикалык мелдешинде алдыңкы орундарды алып жүргөм. Аракетке — берекет дегендей, иш учурунда да спорттун волейбол түрү боюнча шаардык мелдештерде 2-3-орунду алуудабыз. Ийгиликтердин артынан өзүмө чоң жоопкерчилик пайда болду. «Устаттан шакирт өтөт» демекчи, азыркы учурда мен окутуп-тарбиялаган бир топ окуучуларым республикалык, облустук мелдештерде алдыңкы орундарды алып келүүдө.

- Азыркы учурда көпчүлүк жаштар, айрыкча уул балдар маянанын аздыгынан мугалимдик кесипти аркалай бербейт эмеспи. Сиздин мугалим болуп иштеп калууңуздун себеби эмнеде?

- Ооба, өзүңүз айткандай маянанын аздыгынан көпчүлүк мугалимдер чет өлкөлөп кетип жатканы баарыбызга маалым. Менин дагы кызыктыргандар болгон. Бирок мен дагы кетип калсам… «мага окшогон жаштар кетип кала берсе, өсүп келе жаткан муундардын келечеги татаалдашып кетеби» деген ой пайда болду. Ошол муундардын келечегине аз да болсо өз салымымды кошуп, моралдык, руханий жактан дем-күч берип, эмгек кылганым оң деп ойлодум.

- «Жаш мугалим - 2019» кароо-сынагы жөнүндө айтып бериңиз.

- Жаш, өсүп келе жаткан педагогдордун чыгармачылык иш-аракетин жогорулатуу максатында 2 жылдан бери «Жаш мугалим» кароо-сынагы өтүп келет. Мен ушул кароо-сынакка уюштурулган убактан бери кызыктармын. Быйыл өткөрүлүп жаткан кароо-сынакка катышып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Бул сынак бир топ баскычтардан турат. Биз адегенде мугалимдин портфолиосу, соцтармактар, ачык сабактар боюнча баскычтардан өттүк.

«Жетинин бири — кыдыр» дегендей, 7 мугалим акыркы баскычта ат салышат. Баарыбыз бири-бирибиздин максатыбызга көмөктөшүп, жаш мугалимдердин чыгармачылыгын коомго жайылтуу максатын көздөп жатабыз.

- Мугалимдик кесибиңизге ийгилик!

- Маек курганыңызга чоң рахмат!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up