Тоңдогу мектепте салттуу жана экологиялык билимдерди сактоого арналган семинар өттү (сүрөт)

Тоңдогу мектепте салттуу жана экологиялык билимдерди сактоого арналган семинар өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Тоң районунун К.Тайлаков атындагы орто мектебинде «Мурастын жакшысы — билим, тарбия жакшысы — адеп» деген темада семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Тоң райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, семинарда окуу-тарбия иштери (инновациялык ачык сабактар) жана класстан тышкаркы иштер: «Астрожайлоо» астрономия борбору, «Эркин-Тоо» мультимедиа борбору, «Жаш тарыхчы» борбору, «Күн желеси» сүрөт борбору, «Муз чырак» ансамбли, «Дилгир» театр борбору, долбоорлор менен иштөөнүн абалы, педагогикалык-эксперименталдык аянтчалар: «Органикалык бадыраң», «Жергиликтүү мөмө-жемиш бактары», «Балчылык» көрсөтүлдү. Ошондой эле мугалим Жумагазы Садыр уулу «Аталар мектеби» бирикмесинде аталарга «Z» мууну: «Улуттук баалуулуктарды сактоого тарбиялоо» темасында топтук иш уюштурду.

Семинар катышуучулардын ой-пикири, сунуштары менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын тарыхый жана табигый жашоо чөйрөсүнө байланышкан салттуу жана экологиялык билимдерди сактоого, чыгармачылык изденүүгө, окуучулардын компетенттүүлүгүнө багытталган көндүмдөрүн калыптандырууга карата аткарылып жаткан иш тажрыйба менен бөлүшүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up