Майлуу-Суудагы №8 мектепте энелер мектебинин иши талкууланды (сүрөт)

Майлуу-Суудагы №8 мектепте энелер мектебинин иши талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Энелер мектеби — окуу-тарбия процессинде ийгиликке жетүүнүн ачкычы» деген темада семинар болуп өттү. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, семинарга аталган мектепте окуган окуучулардын апалары, аялдар комитетинин төрайымы М.Умарова, Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси З.Мамутова, ШБББнүн башкы адиси Р.Акамбаева, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ш.Төлөгөн уулу, шаардык мектептердин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, уюштуруучулар, соцпедагогдор катышты.

Иш-чаранын ачылышында мектеп директору А.Мамырбаева тарабынан Энелер мектебинин максаты түшүндүрүлдү. Мектепте «Ак пейил» аталышындагы энелер мектеби түзүлүп, төрайымы С.Айдарова жана анын мүчөлөрү тарабынан иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Семинарда энелер, окуучулар, мугалимдер жамааты менен биргеликте мастер-класстар өткөрүлүп, энелер мектепке жакын болсо, тарбия жакшы болорун, тарбиянын башаты эне экени, Энелер мектебин жандандыруу, энелерди мектепке тартуу, балдардын билимге болгон кызыгуусуна энелердин салым кошуусу, өз балдарынын эмнеге кызыкканын аныктоо, балдардын келечектеги кесип тандоосуна жардам берүү, мектеп турмушундагы көйгөйлөрдү өз көздөрү менен көрүү, азыркы кылымдын ааламдаштыруу заманында ар бир инсанды ар тараптан өнүккөн, ой жүгүртүүсү күчтүү, акыл-эстүү, сабырдуу кылуу, эмгекти сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо жагы көрсөтүлдү.

Семинардын жүрүшүндө 1-4-класстардын окуучуларына жана алардын апаларына башталгыч класстардын мугалимдери Г.Ахмадалиева, Г.Таирбекова жана Э.Парпибаева «Келгиле, окуйбуз!» программасынын негизинде мастер-класс өтүштү.

5-6-7-класстардын окуучулары жана алардын энелери тарабынан «Манас таануу» курсу боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими Т.Рахманкулованын жетекчилиги астында сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Кош тилдүүлүк программасы камтылган чет тилдерин үйрөнүүдө орус тили жана адабияты мугалими М.Абдуллаева жана англис тили мугалими Н.Алчынбаева китептин орду жана маанисине көңүл буруу менен энелер жана окуучулар тарабынан жасалган китептердин топтомдорун презентациялады. Технология предметинин мугалими А.Бирюбаеванын жетекчилиги астында окуучулардын окуган адабий китептериндеги чыгармалардын каармандарынын сүрөттөрү сайма аркылуу түшүрүлүп, энелер менен бирдикте көрсөтүлдү.

8-9-10-класстардын окуучулары менен энелерине тарых мугалими Д.Үсөнбекова жана биология мугалими У.Сиябекова «Бакубат үй-бүлө — мамлекеттин тиреги», «Баланы туура тамактандыруу» деген темаларда мастер-класс өткөрүшүп, практикалык иштерди көрсөтүп беришти.

Ошондой эле музыка мугалими Э.Маматназаровдун жетекчилиги астында «Поэзия ыргактары» деген аталышта энелерге арналган көркөм окуулар жана обондуу ырлар аткарылды.

Энелер өз ой-пикирлерин ортого салышып, баланы ар тараптуу өнүктүрүүдө, таланттарын, жөндөмдүүлүктөрүн ачууда мектеп менен биргеликте иштешсе чоң жетишкендиктерге жана ийгиликтерге жол ачыла турганын белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up