Ак-талаалык окуучу республикалык олимпиадада 3-орунду ээлеп, түрк лицейге акысыз окууга өттү

Ак-талаалык окуучу республикалык олимпиадада 3-орунду ээлеп, түрк лицейге акысыз окууга өттү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Мирлан уулу Рамазан республикалык АКМО математикалык олимпиаданын жыйынтыгында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу уюштуруучу Нуржан Курманалиева билдирди.

Маалым болгондой, Рамазан планшет менен сыйланып, түрк лицейден акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ал эми мектебине түстүү принтер, мугалими Турсунай Кариевага 6 миң сом акчалай сыйлык алып келди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up