Жумгалдык окуучулар облустук «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагында 2-орунду алышты (сүрөт)

Жумгалдык окуучулар облустук «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагында 2-орунду алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Н.Ногойбаев атындагы орто мектебинин «Ак кеме» командасы «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» кароо-сынагынын облустук турунда 2-орунду камсыз кылып, 2-даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул окуучулар сынактын райондук турунда жеңүүчү деп табылып, облустук турга катышууга жолдомо алышкан. Облустук сынакта 6 команда ат салышып, 4 тапшырма аткарышты.

Сынак балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up