Баткендик окуучулар республикалык «Манас таануу» таймашында 1-орунду камсыздашты (видео, сүрөт)

Баткендик окуучулар республикалык «Манас таануу» таймашында 1-орунду камсыздашты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарында 2-3-майда мектеп окуучулары арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын республикалык туру өттү. Анда Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин «Аккула» командасы 1-орунду камсыз кылышты.

Буга чейин аталган команда таймаштын шаардык, облустук турларында эң жогорку упайларды топтоп, республикалык турга жолдомо алышкан. Республикалык сынакта баш байгени Талас облусунун окуучулары жеңди.

«Аккула» командасы 3 окуучудан (команданын курамында 5 окуучу болушу керек) турса да, эң жогорку даярдык менен катышып, облустун намысын коргошту. Аларды даярдаган мугалими Сагина Абдрахманова аталган мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагын окутат. Ал эми команданын курамындагы окуучулар: Имамали кызы Феруза, Акматов Ясин, Карагулова Санирабига 8-9-класстардын окуучулары.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up