Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утту (сүрөт)

Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утту (сүрөт)

Билим АКИpress - Санкт-Петербург шаарында химия боюнча окуучулардын 53-эл аралык Менделеев олимпиадасы өтүп, анда кыргызстандык окуучу коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиадага дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн: Австрия, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Болгария, Венгрия, Грузия, Израиль, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Румыния, Сауд Арабиясы, Словакия, Македония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Чехия жана Эстониядан жаш химиктер катышты.

Кыргызстандын намысын 7 адамдан турган команда коргоду:

- Чекирбаев Мирхад — Бишкек шаарындагы №9 окуу-тарбиялык комлекс мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

- Соодонбеков Нурсултан — Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу;

- Зикиров Эльмар — И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин 11-классынын окуучусу;

- Токтобеков Камил — Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу;

- Шеитов Бакай — Бишкек шаарындагы Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу.

Окуучуларды Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин химия инженериясы бөлүмүнүн окутуучулары Бакыт Боркоев менен Калипа Салиева жетектеп барган.

Окуучуларды аталган университеттин химия инженериясы бөлүмүнүн окутуучулары жана лицейлердин мугалимдер жамааты даярдаган. Алар атайын программа боюнча сабак өтүшүп, маселе чыгарышып, окуучулар менен эксперименталдык лабораториялык иштерди жүргүзүшкөн.

Олимпиаданын жыйынтыгында Чекирбаев Мирхад коло медаль утуп алды. Ал эми башка катышуучулар катышкандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up