Мектепке электрондук каттоо: 7,5 миңден ашуун өтүнмө катталып, 5 миң бала 1-класска кабыл алынды

Мектепке электрондук каттоо: 7,5 миңден ашуун өтүнмө катталып, 5 миң бала 1-класска кабыл алынды

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы мектептердин электрондук каттоо системасына 7,5 миңден ашуун өтүнмө катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 8-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 7 миң 771 өтүнмө катталды:

- Ленин районунда — 2 миң 181;
- Октябрь районунда – 1 миң 883;
- Биринчи май районунда – 1 миң 713;
- Свердлов районунда – 1 миң 994.

Алардын арасынан 5 миң 314 бала кабыл алынып, 1 миң 869 өтүнмө жактырылды жана 133 өтүнмө кароодо.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору — бул мектеп курагына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге электрондук каттоону 1-класска кабыл алууда кирүү төлөмдөрүн алууга жана сынак жүргүзүүгө жол бербөө максатында иштеп чыккан.

Ушул жылдын 15-майына чейин чакан аймактар боюнча электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up