Ак-Муздагы мектептин 7 окуучусу кармаш уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат (сүрөт)

Ак-Муздагы мектептин 7 окуучусу кармаш уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарында 3-5-майда кармаш уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга тандоо туру өттү. Ага Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын Боогачы орто мектебинин 8 окуучусу катышып, ийгилик менен кайтышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мектептин 7 окуучусу 1-орунду жана 1 окуучусу 3-орунду камсыз кылышкан.

Алар:

- 1-орун — Азатбек уулу Сыргак;

- 1-орун — Камчыбек уулу Медет;

- 1-орун — Садырбек уулу Айбек;

- 1-орун — Турдаалы уулу Данияр;

- 1-орун — Кытмырова Жаркынай;

- 1-орун — Калдарбек кызы Айдай;

- 1-орун —Максатбек кызы Салидат;

- 3-орун — Асылбеков Самарбек.

1-орунду ээлегендер дүйнөлүк кармаш уруш чемпионатына катышууга жолдомо алышты.

Дүйнөлүк кармаш уруш чемпионаты Казакстандын Алмата шаарында 22-августтан 25-августка чейин өткөрүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up